Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 6-майы № 187-б
Республиканын азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого багытталган Азык-түлүк коопсуздугунун негизги индикаторлорун аныктоо методикасынын долбоорун иштеп чыгуу максатында:
1. Азык-түлүк коопсуздугунун негизги индикаторлорун аныктоо методикасынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
- Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси.
Комиссия мүчөлөрү:
- Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ бир айлык мөөнөттө Азык-түлүк коопсуздугунун негизги индикаторлорун аныктоо методикасынын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна берсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топко зарыл учурларда төмөнкүлөргө укук берилсин:
- министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, облустук мамлекеттик администрациялардын, коомдук бирикмелердин өкүлдөрүн, чет өлкөлүк эксперттер менен консультанттарды белгиленген тартипте ишке тартууга;
- иш процессинде келип чыгуучу маселелерди чечүү үчүн мамлекеттик органдардан талап кылынган маалыматты сурап алууга.
4. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, облустук мамлекеттик администрациялардын жана шаарлардын мэрияларынын жетекчилери жумушчу топтун иш-аракетине көмөк көрсөтүшсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жана агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |