КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 7-майы № 190-б
"Кыргыз Республикасында кызматтык автотранспортту пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 618 токтомуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Жалалабат облусунун Жалалабат шаарынын мэриясына белгиленген тартипте төмөнкүлөргө уруксат берилсин:
2002-жылы чыккан, кузов № 320529654, кыймылдаткыч № 20063458, "ГАЗ-3110" маркасындагы кызматтык автомашинаны сатууга;
- жергиликтүү бюджеттин каражатынын эсебинен бир автомашина сатып алууга.
2. Кызматтык автомашинаны сатуудан түшкөн каражат жергиликтүү бюджетке которулсун.
Премьер-министр | И.Чудинов |