Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 8-майы № 197-б
Кара-Кече күрөң кенин комплекстүү жана сарамжалдуу өздөштүрүү үчүн инвестицияларды тартуу максатында жана "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-статьясына ылайык:
1. Кара-Кече күрөң көмүр кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс жарыялансын.
2. Төмөнкүдөй курамда конкурстук комиссия (мындан ары - комиссия) түзүлсүн:
Курманалиев К.З. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, комиссиянын төрагасы;
Түмөнбаев А.Р. - Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министринин орун басары, комиссиянын төрагасынын орун басары.
Комиссия мүчөлөрү:
Бакашов М.А. - Нарын облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
Бекиев Б.Ж. - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Жумалиев К.Н. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнүн башчысы;
Камчыбеков Д.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы;
Какитаев К.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин Жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик инспекциясынын начальниги, мамлекеттик инспекциясынын начальниги, комиссиянын катчысы;
Айдаров З.К. - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин автомобиль жолдору башкы башкармалыгынын начальниги;
Муканбетов С.Т. - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода министринин орун басары.
4. Комиссия эки жумалык мөөнөттө конкурс өткөрүүнүн шартын жана тартибин иштеп чыксын жана бекитсин.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |