Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 14-майы № 211-б
1. "Уш садоси" Ош облустук гезитинин редакциясына пайдалануу мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу 1981-жылы чыгарылган, кыймылдаткыч N БН, кузов 0533963 "ВАЗ-2106" маркасындагы автомашинасын белгиленген тартипте жарактан чыгарууга уруксат берилсин.
2. Жарактан чыгарылган автотранспорттун жарактуу тетиктери менен агрегаттары складка кириштелип, автотранспортту эксплуатациялоодо пайдаланылсын, калган тетиктери металл сыныктарына өткөрүлсүн.
3. Өткөрүлгөн металл сыныктары үчүн түшкөн акча каражаттары республикалык бюджеттин кирешесине которулсун.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Ош облусунун мамлекеттик администрациясына жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |