Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 16-майы № 216-б
Кытай Эл Республикасынан бюджеттик каражаттарга сатып алынган ундун келүүсүнүн кечигүү фактысын текшерүү максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын адилет министринин орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы.
Комиссия мүчөлерү:
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын экономиканы өнүктүрүү жана соода министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин терагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу финансы полициясынын директорунун орун басары.
2. Ведомстволор аралык комиссияга зарыл учурда текшерүү жүргүзүүнүн учурунда пайда болгон маселелерди чечүү үчүн министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун адистерин ишке тартууга уруксат берилсин.
3. Ведомстволор аралык комиссия бир айлык мөенөттө текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкметүнүн Аппаратына маалымат берсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө, агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жана коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |