Редакцияот 19.05.2008
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2008-жылдын 19-майы № 224-б

Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Башкаруучулар кеңешинин 2008-жылдын 18-19-майында Киев шаарында (Украина) болуучу он жетинчи ар жылдык отурумунун ишине катышуу үчүн:

Расмий делегация төмөнкүдөй курамда жиберилсин:

Жапаров Акылбек Үсөнбекович - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода министри, Кыргыз Республикасынан ЕРӨБдөгү башкаруучу;

Балкибеков Сапарбек Эсенович - Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри;

Маматалиев Марлен Абдрахманович - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода министринин кеңешчиси.

2. Делегациянын Киев (Украина) шаарына баруусуна байланышкан чыгымдардын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 12-октябрындагы № 635 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын жана аларды кайтаруу тартибин белгилөө жөнүндө" токтомуна ылайык жүргүзүлсүн.

 

Премьер-министр

И.Чудинов