Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 20-майы № 230-б
Экономикалык, өнөр жайлык, илимий жана техникалык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык кыргыз-латвия комиссиясынын 2008-жылдын 21-22-майында Рига шаарында (Латвия Республикасы) боло турган биринчи заседаниесинин ишине катышуу үчүн:
1. Экономикалык, өнөр жайлык, илимий жана техникалык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык кыргыз-латвия комиссиясынын кыргыз бөлүгү төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Жапаров Акылбек Үсөнбекович - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода министри, комиссиянын төрагасы;
Тургунбаева Асел Абдыракмановна - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин тышкы экономикалык саясат башкармалыгынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы, комиссиянын катчысы;
Аскаров Алик Бакиевич - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жарандык авиация департаментинин директору;
Бектеналиев Мукталы Абдыбекович - Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин статс-катчысы;
Давлеталиев Амангелди Сатарович - Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти (макулдашуу боюнча);
Жумагулова Анара Сатаровна - Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин келечектүү өнүктүрүү башкармалыгынын начальнигинин милдетин аткаруучу;
Касиев Геннадий Фаридович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин курулуш комплекси бөлүмүнүн начальниги;
Коеналиев Туруспек Кармышевич - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын директорунун орун басары;
Маматов Самаган Маматович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Мамбетжанов Мелис Тулендиевич - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин статс-катчысы;
Молдокадыров Айбек Асыранкулович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Муканбетов Санжар Турдукожоевич - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода министринин орун басары;
Мураталиев Баимбет Молдалиевич - Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары;
Новицкий Николай Иванович - Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин өнөр жай жана отун ресурстары башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
Сарбанов Советбек Талгарбекович - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Илим, инновациялар жана нанотехнологиялар департаментинин директору;
Турусбеков Бактыбек Сагындыкович - Бишкек шаарынын мэриясынын экономикалык өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги.
Премьер-министр | И.Чудинов |