Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 20-майы № 233-б
Бишкек шаарында жана Ысыккөл облусунда 2008-жылдын 5-6-июнунда КМШга катышуучу мамлекеттердин эмгек, миграция жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча Консультациялык кеңешинин XXI заседаниесин, ЕврАзЭС Интеграциялык комитетинин алдындагы социалдык саясат боюнча кеңештин VIII заседаниесин жана "Өз ара кызыкчылык жараткан социалдык проблемаларды чечүүдө КМШга катышуучу мамлекеттердин кызматташтыгын активдештирүү" деген темада илимий-практикалык конференция даярдоо жана өткөрүү максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда уюштуруу комитети түзүлсүн:
Абдуллаева Ө.А. - Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри, уюштуруу комитетинин төрагасы.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Асангулов К.К. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Асанов Б.Ж. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин төрагасы;
Ботбаева А.И. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
Карабаев Э.Ө. - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
Окоева Г.К. - Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин укук жана эл аралык иштер башкармалыгынын башкы адиси;
Рыскулова А.М. - Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы;
Султанов М.А. - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы (макулдашуу боюнча);
Субанов Т.У. - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;
Султанбеков Д.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
Узакбаев Э.У. - Кыргыз Республикасынын Президентинин КМШ жана ЕврАзЭСтин алкагында Интеграциялык кызматташтык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү (макулдашуу боюнча);
Усупов Ү.М. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин ЕврАзЭС маселелери боюнча кеңешчиси;
Черноморец В.В. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкаруучусунун орун басары (макулдашуу боюнча).
2. Уюштуруу комитети КМШга катышуучу мамлекеттердин эмгек, миграция жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча Консультациялык кеңешинин XXI заседаниесин, ЕврАзЭС Интеграциялык комитетинин алдындагы социалдык саясат боюнча кеңештин VIII заседаниесин жана "Өз ара кызыкчылык жараткан социалдык проблемаларды чечүүдө КМШга катышуучу мамлекеттердин кызматташтыгын активдештирүү" деген темада илимий-практикалык конференция даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын планын бир жумалык мөөнөттө иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы анын № 1 мамлекеттик резиденциясынын Конгресс-холлунда жана "Ысыккөл-Аврора" санаторийинде иш-чараларды өткөрүүнү камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине КМШга катышуучу мамлекеттердин эмгек, миграция жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча Консультациялык кеңешинин XXI заседаниесин, ЕврАзЭС Интеграциялык комитетинин алдындагы социалдык саясат боюнча кеңештин VIII заседаниесин жана "Өз ара кызыкчылык жараткан социалдык проблемаларды чечүүдө КМШга катышуучу мамлекеттердин кызматташтыгын активдештирүү" деген темада илимий-практикалык конференцияны өткөрүүгө байланыштуу протоколдук маселелерди иштеп чыгууда көмөк көрсөтсүн.
5. Жогоруда көрсөтүлгөн иш-чараларды даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу чыгымдарды каржылоо 2008-жылга бекитилген бюджеттердин каражаттарынын чектеринде жүргүзүлсүн:
- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги - жайларды ижаралоо, делегацияларды транспорттук тейлөө, кеңсе товарлары менен камсыздоо, меймандарды расмий кабыл алуу, эстелик сувенирлерди сатып алуу;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги - заседаниелердин жана конференциянын катышуучуларын Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автомобиль инспекциясы менен коштоп жүрүү;
- Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду - заседаниелердин жана конференциянын катышуучуларын тосуп алууну жана узатууну уюштуруу.
6. Жогоруда көрсөтүлгөн иш-чаралардын катышуучуларынын командировкалык чыгымдары "Командировка чыгымдарынын нормаларын белгилөөнүн жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 12-октябрындагы № 635 токтомуна ылайык жиберүүчү жактардын эсебинен төлөнө тургандыгы белгиленсин.
7. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ