Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 21-майы № 236-б
Бишкек шаарында Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы офисинде 2008-жылдын 22-23-майында өткөрүлүүчү "Экономикалык башкаруу жагында күч-кубатты арттыруу" гранттык долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясы төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Жапаров А.Ү. - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода министри, делегациянын жетекчиси;
Аалиев А.К. - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин статс-катчысы;
Алапаев М.О. - Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Арсалиев Э.С. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташтык боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Ахматов С.М. - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин жардам көрсөтүү стратегиясы башкармалыгынын начальниги (макулдашуу боюнча);
Бекиев Б.Ж. - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Дикамбаев А.Ш. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
Калимбетова Т.Б. - Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Карабаев Э.Ө. - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
Мамбеталиева Ж.Ж. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн укуктук камсыздоо жана кадрдык кызмат бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
Ташбаев У.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнүн башчысы;
Шадиев А.А. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика, бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы.
2. Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода министрине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын атынан сүйлөшүүлөрдүн протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | И.Чудинов |