Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 24-майы № 244-б
Кыргыз Республикасынын эл акыны Осмонкул Бөлөбалаевдин туулган күнүнүн 120 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда уюштуруу комитети түзүлсүн:
Нур уулу Досбол - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Раев С.А. - Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
Сыйданов К.С. - Чүй облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Сакебаев С.А. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Шаботоев Р.Ш. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Үсөнов Д.Т. - Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Кененбаев Б.О. - Чүй облусунун Ысыката районунун мамлекеттик администрация башчысы;
Эшимканов М.А. - Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
Султанов О.С. - Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча);
Алымкулов К.А. - "Ай тамга" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Турапов К.Ы. - Т.Сатылганов атындагы улуттук филармониянын башкы директору;
Турсунбаев О.А. - Бишкек башкы архитектурасынын начальниги;
Стамов А.С. - Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу (макулдашуу боюнча);
Жетимишев С. - Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу (макулдашуу боюнча);
Жакшылыков А. - Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу (макулдашуу боюнча);
Үсөнбаев З.А. - Кыргыз Республикасынын эл артисти (макулдашуу боюнча);
Кыдыров К. - эмгек ардагери (макулдашуу боюнча).
2. Уюштуруу комитети юбилейлик иш-чараларды даярдоонун жана өткөрүүнүн планын бир айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Юбилейлик иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу чыгымдар демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |