Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 26-майы № 245-б
1. Дүйнөлүк банк менен "Айыл чарбалык инвестициялар жана кызмат көрсөтүүлөр" долбоорун кошумча каржылоо" жана "Саламаттык сактоо жана социалдык коргоо" долбоорун кошумча каржылоо" долбоорлору боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө делегация төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Калимбетова Т.Б. - Кыргыз Республикасынын финансы министри, делегациянын жетекчиси;
Абдуллаева Ө.А. - Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри;
Кайыпов М.Т. - Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
Карабаев Э.Ө. - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
Мамбетов М.А. - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;
Ногоев А.И. - Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри.
2. Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Саламаттык сактоо жана социалдык коргоо" жана "Айыл чарбалык инвестициялар жана кызмат көрсөтүүлөр" долбоору боюнча кошумча каржылоо боюнча каржылоо жөнүндө макулдашуулардын расмий тилдеги тиркелген долбоорлору Сүйлөшүүлөрдүн протоколунда көрсөтүлгөн түзөтүүлөрдү эске алуу менен жактырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын финансы министрине Сүйлөшүүлөрдүн протоколуна жана каржылоо жөнүндө жогоруда аталган макулдашууларга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | И.Чудинов |