Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 27-майы № 247-б
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата районунун мамлекеттик администрациясына белгиленген тартипте төмөнкүлөргө уруксат берилсин:
- кызматтык максаттарга пайдалануу үчүн пландын киреше бөлүгүн 2008-жылдын 1-кварталында ашыра аткаруунун эсебинен бир жеңил автомашина сатып алууга;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Ысык-Ата райондук финансы бөлүмүнүн балансына 1994-жылы чыккан, кузов № WDB1240191J072910, кыймылдаткыч № 11194010054917 "Мерседес-Бенц-200Е" маркасындагы автомашинаны өткөрүп берүүгө.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Ысык-Ата райондук финансы бөлүмүнүн балансына аталган автотранспорттун кабыл алынышын камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Ысык-Ата райондук финансы бөлүмүнө белгиленген тартипте төмөнкүлөргө уруксат берилсин:
- 2004-жылы чыккан, кузов № ХТА21074052078537, кыймылдаткыч № 8045416 "ВАЗ 21074" маркасындагы автомашинаны эсептен чыгарууга;
- жарактуу түйүндөр менен агрегаттарды кампага кириштөөгө жана автотранспортту эксплуатациялоодо пайдаланууга;
- жараксыз түйүндөрдү жана агрегаттарды металл сыныктарына тапшыруудан түшкөн акча каражаттарды республикалык бюджетке которууга.
4. Кызматтык автомашина сатып алуу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана "Кыргыз Республикасында кызматтык автотранспортту пайдаланууну жөнгө салуу боюнча андан аркы чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 618 токтомунун талаптарына ылайык жүргүзүлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |