КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 27-майы № 248-б
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттиги Кыргыз Республикасынын Өкмөт үйүнүн кеңешме өткөрүлүүчү Чоң залын модернизациялоо үчүн синхрондук котормо жабдууларын сатып алууга 1 866 150 (бир миллион сегиз жүз алтымыш алты миң бир жүз элүү) сомду Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын эсебине которсун.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына ушул буйруктун 1-пунктунда аталган жабдууларды сатып алууга уруксат берилсин, мында каражаттардын натыйжалуу жана сарамжалдуу сарпталышын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөт үйүнүн кеңешме өткөрүлүүчү Чоң залын синхрондук котормо системасы менен техникалык жактан жабдуу боюнча максаттарга жана милдеттерге ылайык камсыз кылсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |