Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 27-майы № 249-б
1. ЕврАзЭКтин Мамлекеттер аралык кеңешинин 2006-жылдын 19-майындагы № 290 чечими менен бекитилген, ЕврАзЭКке мүчө мамлекеттердин темир жол станциялары ортосунда жүктөрдү ташууга темир жол тарифтерин түзүүнүн жана колдонуунун жалпы принциптери жана ЕврАзЭКке мүчө мамлекеттердин темир жол станциялары ортосунда жүктөрдү ташууга төмөндөтүүчү коэффициенттерди жана өтмө тарифтик ставкаларды белгилөөнүн тартиби колдонууга киргизилсин.
2. "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы аталган Жалпы принциптерди жана Тартипти жетекчиликке алсын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын ушул буйрукка ылайык келтирүү боюнча сунуштарды киргизсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |