КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 2-июну № 257-б
2008-2011-жылдарга Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздук концепциясынын долбоорун иштеп чыгуу максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары, жумушчу топтун жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин социалдык саясатты талдоо жана божомолдоо башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнүн эксперти.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ 2008-жылдын 1-ноябрына чейин 2008-2011-жылдарга Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздук концепциясынын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топ Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин зарыл учурда ишке тарта алаары белгиленсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |