Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 6-июну № 267-б
Борбордук Азия боюнча Европалык союздун стратегияларын жүзөгө ашыруу чегинде Кыргыз Республикасы менен Европалык союздун ортосундагы эки тараптуу байланышты андан ары өнүктүрүү, кеңейтүү жана Борбордук Азиянын суу-энергетикалык маселелери боюнча жогорку деңгээлде жолугушуу өткөрүү, ошондой эле суу-энергетикалык кызматташуу маселелери боюнча жалпы позицияны иштеп чыгуу максатында:
1. Борбордук Азиянын суу-энергетикалык маселелери боюнча жогорку деңгээлде жолугушуу уюштуруу жана өткөрүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ төмөнкү курамда түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы, Европалык союздун Комиссиясы менен техникалык кызматташуу боюнча Кыргыз Республикасынан Улуттук координатор, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын өнөржай, энергетика жана отун ресурстары министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
Кыргыз Республикасынын финансы министри,
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Суу чарба департаментинин директору;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти;
Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын төрагасынын орун басары.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисине министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, республиканын ишканаларынын жана мекемелеринин жетекчилерин жана адистерин алардын компетенциясына тиешелүү маселелерди чечүү үчүн ишке тартууга укук берилсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топ кыска мөөнөттө Борбордук Азиянын суу-энергетикалык маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги жолугушууну уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш планын иштеп чыксын.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү коюлган маселелердин өз убагында жана сапаттуу чечилиши үчүн жеке жоопкерчилик тартышары белгиленсин.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |