Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 6-июну № 270-б
Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын мэриясынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында жана "Кыргыз Республикасында кызматтык автотранспортту пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 618 токтомуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын мэриясына белгиленген тартипте 2007-жылдын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн ашыра аткаруудан түшкөн каражаттардын эсебинен кызматтык автомашина сатып алууга уруксат берилсин.
2. Кызматтык автомашина сатып алуу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык жүргүзүлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |