Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 9-июну № 272-б
"Ош, Баткен облустарын жана Ош шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жана инфраструктураларын өнүктүрүүнүн мастер-планын иштеп чыгуу" долбоорун экспертиза жүргүзүү үчүн:
1. Төмөнкүдөй курамда ведомстволор аралык жумушчу тобу түзүлсүн:
Айжигитов С.А. - Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, жумушчу топтун төрагасы (макулдашуу боюнча);
Медеров С.О. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси, жумушчу топтун төрагасынын орун басары;
Мокенов А.А. - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода министринин орун басары, жумушчу топтун төрагасынын орун басары.
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Азыков Б.Б. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин реалдуу сектор башкармалыгынын начальниги;
Аланов А.А. - Ош шаарынын биринчи вице-мэри (макулдашуу боюнча);
Ибраимова Ч.И. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин интеграциялык бирикмелер жана тышкы байланыштар башкармалыгынын начальниги;
Кожошев А.О. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Каламбекова Б.Р. - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин кеңешчиси;
Кайкиев Э.А. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык укуктук департаментинин эки тараптуу кызматташтык бөлүмүнүн башчысы;
Курбанов К. - Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын экономика бөлүмүнүн башчысы;
Мурзаев К.С. - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин инвестициялык саясат башкармалыгынын начальниги;
Сыргабаев Б.Э. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык экономикалык кызматташтык департаментинин директору;
Хамрабоев С. - Баткен облусунун мамлекеттик администрациясынын экономика бөлүмүнүн башчысы;
Шамшиев Н.Ш. - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин региондук саясат башкармалыгынын начальниги.
2. Ведомстволор аралык жумушчу тобу 2008-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына белгиленген тартипте корутунду берсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу тобуна зарыл учурларда белгиленген тартипте министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин ишке тартууга укук берилсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |