Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 9-июну № 274-б
1. Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары Б.Ж.Бекиев, Кыргыз Республикасынын Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматынын төрагасы Ю.Ж.Тойчубеков "Олимпиялык кыймылга көмөк көрсөтүүчү эл аралык фонд" жоопкерчилиги чектелген коомунун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 15-сентябрындагы № 437 "Кыргыз Республикасында лотереяларды өткөрүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында лотереяларды өткөрүү жөнүндө жобону конституцияга туура келбейт жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 2-статьясынын 3-пунктуна, 4-статьясынын 2-пунктуна, 11-статьясынын 3-пунктуна, 14-статьясынын 3-пунктуна, 22 жана 73-статьяларына ылайык эмес деп табуу жөнүндө сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун отурумдарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болууга дайындалышсын.
2. Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары Бекболот Жапарович Бекиевге, Кыргыз Республикасынын Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматынын төрагасы Ю.Ж.Тойчубековго ишеним кат берилсин.
Премьер-министр | И.Чудинов |