Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 10-июну № 275-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармасынын ортосундагы Бишкек шаарында Борбордук Азия үчүн БУУ АУЖКБнын Региондук бөлүмүн түзүү жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Бешимов Аскар Жолчубековичке аталган Макулдашууга кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | И.Чудинов |
Долбоор
Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармасы (мындан ары - "АУЖКБ") жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (мындан ары -"Өкмөт");
Бириккен Улуттар Уюмунун Уставынын максаттарын жана принциптерин, атап айтканда адам укуктарын урматтоону кубаттоодо жана өнүктүрүүдө эларалык кызматташтык максаттарын кайрадан ырастап;
Адам укуктарынын жалпы декларациясында, жарандык жана саясый укуктар жөнүндө Эларалык пактыда, экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жөнүндө Эларалык пактыда жана адам укуктары жөнүндө башка эларалык келишимдерде камтылган жоболорду сактоонун зор маанисин таанып;
Мындан ары Вена декларациясын жана 1993-жылы 25-июнунда Адам укуктары боюнча дүйнөлүк конференцияда кабыл алынган Аракеттенүү программасын, Пекин декларациясын жана 1995-жылы 15-сентябрында Аялдардын дүйнөлүк төртүнчү конференциясында кабыл алынган Аракеттенүү платформасын, 2000-жылы 8-сентябрында Башкы Ассамблея кабыл алган Бириккен Улуттар Уюмунун Миңжылдык декларациясын, Дурбан декларациясын жана 2001-жылы 8-сентябрында расизмге, рассалык кодулоого, ксенофобияга жана аны менен байланышкан келишпестикке каршы күрөшүү боюнча Дүйнөлүк конференцияда кабыл алынган Аракеттенүү программасын, ошондой эле 2005-жылы 16-сентябрында Башкы Ассамблея кабыл алган 2005-жылдагы Дүйнөлүк самиттин жыйынтыктарын эске алып;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен БУУнун Өнүктүрүү программасынын ортосунда БУУнун Өнүктүрүү программасы жана анын Аткаруучу агенттиги Өкмөткө анын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорун жана ПРООН аткарган долбоорлорду да аткарууга жардам көрсөтө турган негизги шарттарды камтыган 1992-жылы 14-сентябрда түзүлгөн Макулдашууну көңүлгө алып;
АУЖКБ жана Өкмөт Бишкекте (Кыргыз Республикасы) Борбордук Азия үчүн АУЖКБнын Региондук бөлүмүн түзүү жөнүндө консультация өткөргөндүгүн эске алып;
адам укуктарын кубаттоо жана коргоодо, ошондой эле демократиялык кайра түзүүлөрдү жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын жетишкендиктерин таанып;
Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 1993-жылдын 20-декабрындагы 48/141-резолюциясы менен Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча Жогорку комиссары үчүн аныкталган адам укуктарын кубаттоо жана коргоо ишиндеги мандатын, ошондой эле АУЖКБнын миссиясын көңүлгө алып;
Ушул Макулдашууда каралган Региондук бөлүм адамдын негизги укуктарын кубаттоо жана коргоо, ошондой эле адам укуктары жагында кабыл алынган милдеттенмелерди, анын ичинде региондун мамлекеттери кол койгон жана ратификациялаган адам укуктары жөнүндө эларалык келишимдерде камтылган милдеттенмелерди жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүү жагында зор потенциалга ээ экендигин эске алып;
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене. Аныктамалар
Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн төмөнкүдөй аныктамалар колдонулат:
"Региондук бөлүм" - АУЖКБнын Бишкектеги (Кыргыз Республикасы) Региондук бөлүмүн билдирет;
"Конвенция" - Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы 1946-жылы 13-февралда кабыл алган Бириккен Улуттар Уюмунун артыкчылыктары жана иммунитеттери жөнүндө Конвенцияны билдирет, ага Кыргыз Республикасы 2000-жылдын 28-январында кошулган;
"Тараптар" - ушул Макулдашууга кол койгон тараптарды билдирет;
"Региондук өкүл" - Жогорку комиссардын атынан жана анын тапшыруусу боюнча АУЖКБнын Региондук бөлүмүнүн ишине жетекчилик кылууга жана көзөмөлдүк жүргүзүүгө жооптуу Бириккен Улуттар Уюмунун кызмат адамын билдирет;
"Региондук бөлүмдүн кызмат адамы" - Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 1946-жылдын 7-декабрындагы 76 (1) резолюциясында каралгандай кызматка жеринде кабыл алынган жана саат боюнча эмгек акы алган адамдардан тышкары Бириккен Улуттар Уюмунун кызматкерлер жөнүндө Эрежелерине жана жоболоруна ылайык жарандыгына карабастан жалданган Региондук өкүлдү жана анын бардык кызматкерлерин билдирет;
"Ишсапардагы эксперттер" - Конвенциянын VI статьясынын маңызы боюнча АУЖКБнын тапшырмаларын аткаруучу Бириккен Улуттар Уюмунун кызмат адамынан тышкаркы адамдарды билдирет;
"Борбордук Азия өлкөлөрү" же "Борбордук Азия" Казакстан Республикасын, Кыргыз Республикасын, Тажикстан Республикасынын, Түркмөнстанды жана Өзбекстан Республикасын өзүнө камтыйт;
"Кыргыз Республикасынын тийиштүү бийлик органдары" - Кыргыз Республикасынын өкмөттүк, муниципалдык жана башка өкүлдөрүн же кызмат адамдарын, администрациялык, сот, аскердик же укук коргоо органдарынын кызматкерлерин билдирет.
2-берене. Макулдашуунун максаты жана колдонуунун аймактык чөйрөсү
Бул Макулдашуунун максаты Борбордук Азия үчүн Региондук бөлүмүн түзүүдө, Бөлүмдүн статусун жана анын кызматкерлерин жөнгө салууда жана анын Өкмөт менен кызматташуу жагындагы ишине көмөк көрсөтүүдө турат.
3-берене. Конвенцияны колдонуу
Конвенция Региондук бөлүмгө, анын мүлкүнө, фонддоруна жана активдерине, ошондой эле анын Кыргыз Республикасында ишсапарда жүргөн кызмат адамдарына жана эксперттерине карата колдонулат.
4-берене. Региондук бөлүмдүн мандаты жана функциялары
1. Бириккен Улуттар Уюмунун Уставына жана Башкы Ассамблеянын 1993-жылдын 20-декабрындагы 48/141-резолюциясында каралган Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын Башкармасынын мандатына жана ушул Макулдашууга ылайык Региондук бөлүм Өкмөт, өкмөттөр аралык уюмдар, жарандык коом, жеке сектор, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун тийиштүү өнөктөрү менен региондун өлкөлөрүндө адам укуктарын кубаттоо жана коргоо максатындагы стратегияларды, программаларды жана чараларды иштеп чыгууда жана жүзөгө ашырууда өзара аракеттенет.
2. Региондук бөлүм Жогорку комиссардын алдында отчет берет, ал анын мандатына ылайык Региондук бөлүмдүн иши жөнүндө доклад берет.
5-берене. Региондук бөлүмдүн статусу
1. Региондук бөлүм Бишкекте (Кыргыз Республикасы) жайгашкан. Региондук бөлүмдүн аянтынын жана штаттык кызматкерлеринин эларалык жана улуттук кызматкерлер жагындагы саны АУЖКБнын кароосу боюнча аныкталат.
2. Региондук бөлүм, анын мүлкү, фонддору жана активдери кайда жана кимдин карамагында болбосун Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысынын өзү кайсы бир жагдайларда иммунитеттен бошоткондон тышкаркы учурларда соттук кийлигишүүнүн ар кандай түрлөрүнөн иммунитеттен пайдаланат. Бирок эч кандай иммунитеттен бошотуу сот аткаруу чараларына жайылтылбай тургандыгы каралат.
3. Региондук бөлүмдүн жайлары колтийгис. Региондук бөлүмдүн мүлкү, фонддору жана активдери кайда жана кимдин карамагында турбасын тинтүүгө, алып коюуга, конфискациялоого, экспроприациялоого жана аткаруучу, администрациялык, соттук же мыйзамдык аракеттердин жолу менен кандайдыр бир түрдө кийлигишүүгө жатпайт.
4. Региондук бөлүмдүн архиви жана бүтүндөй эле Региондук бөлүмгө таандык же анын карамагында турган бардык документтер кайсы жерде турбасын, колтийгис.
5. Тийиштүү бийликтер Региондук бөлүмдүн жайларына Региондук өкүлдүн тикелей макулдугу жана аны менен макулдашылган шарттар болмоюнча кире албайт.
6-берене. Фонддор, активдер жана башка мүлк
Региондук бөлүм финансылык контроль, эреже же кандайдыр бир түрдөгү мораторий менен чектелбегендиктен:
1) ар кандай түрдөгү фонддорду же жүгүртүү документтерин тескеп жана пайдалана алат жана ар кандай валютада эсеп кармап.жана жүргүзөт жана өзүндө турган ар кандай валютаны ар кандай башка валютага конвертирлей алат;
2) өзүнүн фонддорун же валютасын бир өлкөдөн экинчисине же Кыргыз Республикасынын чегинде Бириккен Улуттар Уюмунун системасындагы башка уюмдарга же мекемелерге которо алат;
3) өзүнүн финансылык бүтүмдөрүн жүргүзүү үчүн мыйзам менен жеткиликтүү болгон кыйла алгылыктуу алмашуу курсунан пайдалана алат.
7-берене. Салык салуудан бошотуу
Региондук бөлүм, анын фонддору, активдери, кирешелери жана башка мүлкү:
1) бардык тикелей салыктардан бошотулат. Бирок, Региондук бөлүм чындыгында көрсөтүлгөн коммуналдык кызматтар үчүн акы болуп саналган салыктарды салуудан бошотууну талап кыла албай тургандыгы каралган;
2) Региондук бөлүм кызматтык пайдалануу үчүн буюмдарды алып келүүдө жана алып кетүүдө бажы алымдарынан, салыктардан, жыйымдардан, импорттук жана экспорттук тыюу салуулардан жана чектөөлөрдөн бошотулат. Бирок жыйымдардан бошотуу шарты менен алып келинген ал буюмдар Өкмөт менен макулдашылган шарттардан тышкары Кыргыз Республикасында сатылбай тургандыгы каралууда;
2) жеке буюмдарды алып келүүдө жана алып кетүүдө бажылык жыйымдардан, импорттук жана экспорттук тыюу салуулардан жана чектөөлөрдөн бошотулат.
8-берене. Байланыш
1. Өзүнүн расмий билдирүүлөрү, байланыш каражаттары үчүн Региондук бөлүм почта жөнөтүүлөрү, каблограммалар, телеграммалар, радиограммалар, телефото, телефон жана башка байланыш каражаттарын орнотууга, алардын иштешине, артыкчылыктарына, ставкаларына карата, ошондой эле басма жана радио үчүн белгиленген тарифтерге карата ар кандай дипломатиялык өкүлчүлүктөргө же башка өкмөттөр аралык уюмдарга Өкмөт бергенден кем эмес жагымдуу шарттан пайдаланат.
2. Региондук бөлүмдүн эч кандай расмий кат-кабары жана башка билдирүүлөрү цензурага алынбайт. Мындай иммунитет Тараптардын ортосунда макулдашылгандай басылма материалдарга, фотография жана электрондук билдирүүлөргө жана билдирүүнүн башка түрлөрүнө жайылтылат. Региондук бөлүм коддордон пайдаланууга жана кат-кабарларды курьерлер, же чапталган вализдер аркылуу алууга жана жөнөтүүгө укуктуу, болгондо да алардын бардыгы колтийгис жана цензурага алынбайт.
9-берене. Региондук бөлүмдүн кызмат адамы
1. АУЖКБнын бүткүл ишине жана кызматкерлерине карата Өкмөт 1992-жылдын 14-сентябрындагы Өкмөт менен БУУнун Өнүктүрүү Программасынын ортосунда түзүлгөн макулдашууда камтылган жогоруда эске алынгандан кем эмес жагымдуу абалды колдонот.
2. Региондук бөлүмдүн кызмат адамдары:
а) расмий түрдө айткандары же жазгандары жана жасаган бардык аракеттери үчүн сот жоопкерчилигине тартылбайт. Бул иммунитет Региондук бөлүмдө ишин токтоткондон кийин да улантыла берет;
Ь) алардын жеке жүгү текшерүүдөн жана арест коюудан бошотулат;
с) аларга Бириккен Улуттар Уюму төлөгөн кызматтык маянага жана сыйлык акыларга салык салуудан бошотулат;
d) мамлекеттик милдеттүү кызмат өтөөдөн бошотулат;
е) жубайы жана алардын багуусунда турган туугандары менен бирдикте иммиграция боюнча чектөөлөрдөн жана четөлкөлүктөрдү каттоодон бошотулат;
f) валюта алмашуу жагында Өкмөттүн алдында аккредитацияланган дипломатиялык миссиянын курамына кирген теңдеш рангдагы кызмат адамдарына берилүүчү артыкчылыктардан пайдаланат;
g) жубайы жана алардын багуусунда турган туугандары, ошондой эле өз үй чарбасынын башка мүчөлөрү менен бирдикте эларалык кризис учурунда репатриациялоо боюнча дипломатиялык өкүлдөр пайдалангандай жеңилдиктерден пайдаланат;
h) өз кызматына адеп киришкенде өзүнүн эмерегин, жеке мүлкүн жана бардык тиричилик техникасын Кыргыз Республикасына алымсыз алып кирүүгө укуктуу.
3. Региондук бөлүмдүн Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналган же туруктуу жашоого уруксаты бар адамдардан тышкаркы кызмат адамдарына төмөнкүдөй укуктар берилет:
а) жеке пайдаланууга же керектөөгө арналган жана тартуу кылынбай же сатылбай турган кээ бир буюмдарды чектөөсүз санда бажы алымдарын жана акциз жыйымдарын төлөбөстөн алып келүү;
Ь) автотранспорт каражатын бажы алымдарын жана акциз жыйымдарын, анын ичинде тийиштүү рангдагы дипломатиялык Өкүлчүлүктүн мүчөлөрүнө карата Кыргыз Республикасында колдонулган эрежелерге ылайык кошумча нарк салыгын төлөбөстөн Кыргыз Республикасына алып кирүү жана сатып алуу.
4. Жогоруда көрсөтүлгөн артыкчылыктардан жана иммунитеттерден тышкары Региондук бөлүм, эгерде ал Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаса, өзүнө, өзүнүн жубайына жана жашы жетелек балдарына карата адатта эларалык миссиялардын башчыларына берилүүчү артыкчылыктардан жана иммунитеттерден, жеңилдиктерден пайдаланат. Региондук өкүлдүн фамилиясы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин дипломатиялык корпусунун тизмесине киргизилет.
10-берене. Жеринде кызматка кабыл алынган жана саат боюнча эмгек
акы алган адамдар
1. Кыргыз Республикасында кызматка кабыл алынган жана саат боюнча эмгек акы алган адамдар расмий түрдө алар айткандары же Жазгандары жана жасаган аракеттери үчүн сот жоопкерчилигине тартылбайт. Бул иммунитет Региондук бөлүм менен контракт токтотулгандан кийин да улантыла берет.
2. Кыргыз Республикасында кызматка алынган жана саат боюнча эмгек акы алган жергиликтүү кызматкерлерди жалдоо жөнүндө жобо жана анын шарты Бириккен Улуттар Уюмунун резолюцияларына, жол-жоболоруна жана эрежелерине ылайык аныкталат.
11-берене. Ишсапардагы эксперттер
Бириккен Улуттар Уюмунун тапшырмаларын аткарып ишсапарда жүргөн эксперттерге жана Региондук бөлүмдүн иши боюнча өлкөдө жүргөн башка адамдарга Конвенциянын VI статьясында жана VII статьянын 26-бөлүгүндө көрсөтүлгөн артыкчылыктар, иммунитеттер жана жеңилдиктер берилет.
12-берене. Региондук бөлүмдүн тапшырмасы боюнча иш аткарган
кызматкерлер
1, Региондук бөлүмдүн тапшырмасы боюнча иш аткарган кызматкерлер:
(а) расмий түрдө айткандары же жазгандары жана жасаган аракеттери үчүн сот жоопкерчилигине тартылбайт. Бул иммунитет Региондук бөлүм менен контракт токтотулгандан кийин да улантыла берет.
(Ь) жубайы жана алардын багуусунда турган туугандары менен бирдикте эларалык кризис учурунда репатриациялоо боюнча дипломатиялык өкүлдөр пайдалангандай жеңилдиктерден пайдаланат.
2. Тараптардын макулдашуусу боюнча Региондук бөлүмдүн тапшырмасын боюнча иш аткарган адамдардын көзкарандысыз жана натыйжалуу иштешине көмөк көрсөтүү максатында кандайдыр бир башка артыкчылыктар, иммунитеттер жана ыраазычылыктар берилиши мүмкүн.
13-берене. Иммунитеттен баш тартуу
1. Ушул Макулдашууда каралган артыкчылыктар жана иммунитеттер тийиштүү адамдардын жеке пайдасы үчүн эмес, АУЖКБнын таламында берилет. Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы анын пикири боюнча андай иммунитет сот адилеттигин жүргүзүүгө тоскоолдук кылган жана АУЖКБнын таламдарына зыян келтирбестен андан баш тартууга болгон учурларда 9, 10, 11 жана 12-статьяларда белгиленген ар кандай адамдарга берилген иммунитеттен баш тартууга укуктуу жана милдеттүү.
2. АУЖКБ сот адилеттигин жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү үчүн укук тартибинин жоболорун сактоо жана ушул Макулдашуунун чегинде берилген артыкчылыктарга, иммунитеттерге жана жеңилдиктерге байланыштуу кыянаттыктарды болтурбоо үчүн бардык тийиштүү бийликтер менен кызматташууга милдеттүү.
14-берене. Эркин жүрүү
Бөлүмдүн кызмат адамдары Кыргыз Республикасына кирүү, чыгуу жана жүрүү эркиндигинен пайдаланат. Өкмөт компетенттүү органдар менен макулдашуу боюнча кирүүгө чек коюлган райондордо эркин жүрүүгө көмөк көрсөтөт.
15-берене. Өткөрүү
1. Өкмөт Региондук бөлүмдүн кызмат адамына чыныгы жүрүү документи, паспорттун эквиваленти катары берилген Бириккен Улуттар Уюмунун өткөрмөсүн тааныйт жана кабыл алат.
2. Конвенциянын VII статьясынын 26-бөлүгүнүн жоболоруна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү АУЖКБнын иштери боюнча жүрүү үчүн адамдарга берилген Бириккен Улуттар Уюмунун күбөлүктөрүн тааныйт жана кабыл алат.
3. Өкмөт андай күбөлүктөргө же өткөрмөлөргө ар кандай талап кылынган визаларды коюуга макулдук берет.
16-берене. Желектер, эмблемалар жана таанылуучу белгилер
Региондук бөлүм өз аймагына, расмий транспорт каражаттарына жана кандайдыр-бир башкача түрдө Бириккен Улуттар Уюмунун жана АУЖКБнын желектерин жана/же эмблемасын Тараптардын макулдугу боюнча илип же орното алат.
17-берене. Күбөлүк жана билдирүү
1. Региондук бөлүмдүн өтүнүчү боюнча Өкмөт Региондук бөлүмдүн кызматкерлерине алар Региондук бөлүмдүн кызматкерлери катары Бириккен Улуттар Уюмунун артыкчылыктар жана иммунитеттер жөнүндө Конвенциясына ылайык артыкчылыктардан жана иммунитеттерден пайдалана тургандыгын көрсөтүү менен инсандын тийиштүү күбөлүгүн (аккредитациялык карточканы) берет.
2. Буга ыйгарым укугу бар ар кандай мамлекеттик кызмат адамынын өтүнүчү боюнча Региондук бөлүмдүн кызматкерлери өздөрүнүн инсандык күбөлүктөрүн көрсөтүшөт, бирок тапшырышпайт.
3. Региондук бөлүм иши токтотулуп же башка жакка которулган учурда анын ар кандай кызматкери бардык инсандык күбөлүктөрүн тез арада Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине кайра кайтарышын камсыз кылат.
4. АУЖБК Өкмөткө АУЖБКнын кызматкерлеринин аты-жөнүн жана ушул адамдардын статусунун өзгөрүшү жөнүндөгү маалыматтарды билдирет.
18-берене. Өкмөттүн милдеттенмелери
1. Өкмөт Региондук бөлүмдү жана анын кызматкерлерине тийиштүү талапка ылайык жана алардын ишин натыйжалуу жүргүзүшү үчүн суроо-талап боюнча коопсуздугун камсыз кылат. Ушул максатта тийиштүү органдар Региондук бөлүмдүн жана анын кызматкерлеринин коопсуздугун камсыз кылат жана коргойт жана Бөлүмгө бөтөн адамдардын же адамдардын тобунун уруксатсыз киришинин айынан же ага жакын жердеги тартипсиздиктерге байланыштуу Региондук бөлүмдүн бейкуттугунун бузулушун болтурбоону камсыз кылуу үчүн кыраакылык көрсөтөт.
2. Өкмөт Региондук бөлүмдүн жана анын кызматкерлеринин статусун урматтоого милдеттүү жана Региондук бөлүм менен байланышкан эч бир адам алардын статусуна ылайык куугунтуктоого, опузалоого, өч алууга же соттук куугунтуктоого туш болбошун камсыз кылат.
3. Өкмөт Бириккен Улуттар Уюмунун принциптерин жана тажрыйбасын колдонууга ылайык Региондук бөлүм уюштурган семинарлардын, тренингдердин, симпозиумдардын жана башка ушул сыяктуу иш-чаралардын бардык катышуучуларынын Конвенцияга ылайык толук сөз эркиндигин урматтоого милдеттүү. Бардык катышуучулар жана АУЖКБы уюштурган семинарларга, тренингдерге, симпозиумдарга жана башка ушул сыяктуу иш-чараларга байланыштуу функцияларды аткарган адамдар ага көзкарандысыз катышып жана функцияларды аткарышы үчүн ушундай артыкчылыктардан, иммунитеттерден жана жеңилдиктерден пайдаланат. Катышуучулар андай семинарларда, тренингдерде, симпозиумдарда жана ушул сыяктуу башка иш-чараларда сүйлөгөн сөздөрүнө, айткандарына байланыштуу сот процессине кириптер кылынбайт.
4. Региондук бөлүмдүн жана анын кызматкерлеринин артыкчылыктары, иммунитеттери жана укуктары, ошондой эле Өкмөт берүүгө милдеттенген жеңилдиктер ушул Макулдашууда көрсөтүлгөн бардык учурларда Өкмөт жергиликтүү компетенттүү бийлик ал артыкчылыктарды, иммунитеттерди жана укуктарды урматтап жана белгиленген жеңилдиктерди беришин камсыз кылуу үчүн жооп берет.
5. Өкмөт ушул Макулдашууну тийиштүү органдарга жиберет. Ал бул органдар колдонуп жаткан юридикалык ички жол-жоболор элралык келишимдерде каралган жол-жоболорго ылайык келиши үчүн Региондук бөлүм чыгарган сунуштар жөнүндө компетенттүү органдарга билдирет.
19-берене. Талаштарды жөнгө салуу
АУЖКБ менен Өкмөттүн ортосундагы ушул Макулдашууну же башка ар кандай кошумча макулдашууларды чечмелөөгө жана колдонууга карата ар кандай талаштар сүйлөшүүлөрдүн же жөнгө салуунун башка макулдашылган ыкмалары менен чечүүгө мүмкүн болбосо, ар кандай Тараптын өтүнүчү боюнча арбитражга берилет. Ар бир Тарап бирден арбитрды дайындайт, ошентип, ушундай жол менен дайындалган эки арбитр үчүнчү арбитрды дайындайт, ал төраганын милдетин аткарат. Эгерде талашты арбитражга өткөрүп берүү жөнүндө өтүнүч алынган учурдан баштап отуз (30) күндүн ичинде кайсы бир Тарап арбитрды дайындабаса же эки арбитр дайындалган учурдан тартып он беш (15) күндүн ичинде үчүнчү арбитр дайындалбаса, ар кандай Тарап Эларалык Соттун төрагасынан арбитрды дайындоо жөнүндө өтүнүч кыла алат. Арбитраждык жол-жобо арбитрлер тарабынан дайындалат, жана арбитражга кеткен чыгымдар Тараптар тарабынан арбитрлер аныктаган тартипте жабылат. Арбитраждык чечим ага негиз болгон жүйөөлөрдү баяндоодон турат жана талаш боюнча биротоло чечим катары Тараптар тарабынан таанылат.
20-берене. Өкмөт менен байланышты кармап туруу
Өкмөт Региондук бөлүмүнүн ишине тиешелүү бардык маселелер боюнча Региондук бөлүмдөр менен байланышты кармап туруу үчүн жооп берген директивалык ыйгарым укуктары бар жогорку деңгээлдеги органды дайындайт.
21-берене. Кошумча макулдашуулар
АУЖКБ жана Өкмөт эки жактын макулдашуусу боюнча ушул Макулдашууга кошумча макулдашууларды түзө алат. Мындай кошумча макулдашуулар Макулдашуунун 21-статьясынын 1-пунктунда көрсөтүлгөн тартипте күчүнө кирет.
22-берене. Корутунду жоболор
1. Макулдашуу эки Тарап ага кол койгон күндөн тартып убактылуу колдонулат. Макулдашуу Өкмөттөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн АУЖКБ зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболор аткарылгандыгын ырасталган билдирме алынган күнү күчүнө кирет.
2. Бул Макулдашуу эки жыл бою колдонулат. Тараптар анын колдонулушун өздөрүнүн андай каалоосун баяндаган жазуу жүзүндө билдирмелерди алмашуу жолу менен эки жылдык мезгилге узартышы мүмкүн. Андай билдирме ушул пунктта белгиленген эки жылдык мезгил аяктаганга чейин кеминде 90 күн калганда жиберилет.
3. Ушул Макулдашууга эки Тараптын макулдугу боюнча андай ниеттери баяндалган жазуу жүзүндөгү билдирүүлөрдү алмашуу жолу менен түзөтүүлөр киргизилиши мүмкүн. Түзөтүүлөр ушул статьянын 1-пунктунда аныкталган шарттарга ылайык күчүнө кирет.
4. Ушул Макулдашуунун колдонулушу өлкөдө Региондук бөлүмдүн иши адаттагыдай токтотулган же анын мүлкү же активдери жоюлган учурлардан тышкары Тараптардын бири макулдашуунун колдонулушун токтотуу жөнүндө өзүнүн чечимин экинчи Тарапка жибергенден кийин алты айдан соң токтотулат.
Бул Макулдашуу Бишкекте 2008-жылдын 10-июнунда эки нускада кыргыз, орус жана англис тилдеринде түзүлдү. Бардык үч текст тең бирдей күчкө ээ. Аны чечмелөөдө ажырым пикирлер чыккан учурда англис тилиндеги текст негиз катары алынат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн:
| Аскар Бешимов тышкы иштер министринин орун басары |
Бириккен Улуттар УЕОмунун адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын Башкармасы үчүн:
|
Кюн-ва Кан Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча Жогорку комиссары |