Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 10-июну № 277-б
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттигине белгиленген тартипте 2000-жылы чыккан, кузов № 311000Ү401324 "ГАЗ-3110" маркасындагы жеңил автомобилди Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттигинин Чыгыш аймактык башкармалыгынын балансына өткөрүп берүүгө уруксат берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган "ГАЗ-3110" маркасындагы автомобилди пайдаланууга контролдоону автотранспорт каражаттарынын күйүүчү материалды сарптоонун жана жүрүүсүнүн белгиленген нормаларына ылайык камсыз кылсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |