КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 13-июну № 282-б
"Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигин Ош шаарына көчүрүп жайгаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 20-февралындагы № 55 токтомуна ылайык, кызматкерлер үчүн тийиштүү турак жай шарттарын түзүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Ош шаарына министрликтин борбордук аппаратын көчүрүп жайгаштырууну камсыз кылууга каралган каражаттан министрликтин борбордук аппаратынын кызматкерлери үчүн Ош шаарынан турак жай сатып алууга уруксат берилсин.
2. Турак жай сатып алуу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүргүзүлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |