Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 13-июну № 286-б
Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө-мамлекеттеринин маданият мийистрлеринин кезектеги кеңешмесин жана 2008-жылдын июнунда Ысыккөл облусунун Чолпоната шаарында алты өлкөнүн алкагында көркөм-колдонмо искусство буюмдарынын көргөзмөсүн даярдоо жана өткөрүү максатында:
1. Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө-мамлекеттеринин маданият министрлеринин кезектеги кеңешмесин жана 2008-жылдын июнунда Ысыккөл облусунун Чолпоната шаарында алты өлкөнүн алкагында көркөм-колдонмо искусство буюмдарынын көргөзмөсүн (мындан ары - Кеңешме жана көргөзмө) даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Раев С.А. - Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри, уюштуруу комитетпнин төрагасы;
Макеев Т.М. - Кыргыз Республикасынан ШКУда улуттук координатор, уюштуруу комитетинлн төрагасынын орун басары;
уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Акматов Н.О. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасы;
Ботбаева А.И. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
Биялиева С.Б. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн эксперти;
Калимбетова Т.Б. - Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Конгантиев М.Т. - Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
Макашев С.М. - "Кыял" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
Сулайманов Н.Ч. - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;
Эшимканов М.А. - Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
Эдинов Н.А. - "Кабар" Кыргыз улуттук маалымат агенттигинин директору (макулдашуу боюнча).
2. Кеңешмени жана көргөзмөнү даярдоо жана өткөрүү боюнча тиркелген Иш-чаралар планы бекитилсин.
3. Кеңешмени жана көргөзмөнү өткөрүүгө байланыштуу чыгымдар 2008-жылга Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигине каралган каражаттын чегинде жүргүзүлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги эларалык протоколго ылайык Кеңешмени жана көргөзмөнү өткөрүүгө байланыштуу иш-чараларды уюштуруу боюнча маселелерди чечсин.
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы Кеңешменин жана көргөзмөнүн катышуучуларын транспорт жана "Аврора" (Ысыккөл облусу) пансионатында жашоосун камсыз кылууга көмөк көрсетсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Кеңешменин жана көргөзмөнүн өтүп жаткан мезгилинде коомдук коопсуздукту камсыз кылсын.
7. Ысыккөл облусунун мамлекеттик администрациясы Кеңешмени жана көргөзмөнү өткөрүүгө көмөк көрсөтсүн.
8. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети белгиленген тартипте Кеңешменин жана көргөзмөнүн катышуучуларын жүктөрдү жана көргөзмөнүн экспонаттарын убактылуу алып кирүүдө жана чыгарууда бажылык төлөмдөрдү жана салыктарды төлөөдөн бошотсун.
9. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги белгиленген тартипте Кеңешменин жана көргөзмөнүн катышуучуларына медициналык тейлөөнү камсыз кылышсын.
10. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы, "Кабар" Кыргыз улуттук маалымат агенттиги, башка жалпыга маалымдоо каражаттары Кеңешмени жана көргөзмөнү кеңири чагылдырууну камсыз кылышсын.
11. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-июнундагы № 286-б буйругу менен бекитилген |
ШКУга мүчө-мамлекеттердин маданият министрлеринин
кезектеги кеңешмесин жана 2008-жылдын 22-26-июнунда Ысыккөл
облусунун Чолпоната шаарында алты өлкөнүн алкагында
көркөм-колдонмо искусство буюмдарынын көргөзмөсүн
даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чаралар планы
┌──┬──────────────────────────────────┬──────────┬────────────────────┐
│№ │ Иш-чаранын аталышы │ Мөөнөтү │ Өткөрүүгө │
│ │ │ │ жооптуулар │
├──┼──────────────────────────────────┼──────────┼────────────────────┤
│1.│Даярдоо: │2008- │Маданиятмаалыммин │
│ │Кеңешмеге документтердин │жылдын │(МММ), Эксперттик │
│ │долбоорлорун; Кеңешменин │10-июнуна │жумушчу топ, ШКУнун │
│ │катышуучуларынын келүү │чейин │секретариаты, ТИМ │
│ │программасын жана ШКУга мүчө- │ │ │
│ │мамлекеттердин маданият │ │ │
│ │министрликтери менен макулдашуу; │ │ │
│ │кол коюлуучу документтердин │ │ │
│ │долбоорлорун │ │ │
├──┼──────────────────────────────────┼──────────┼────────────────────┤
│2.│Камсыз кылуу: │2008- │МММ, ШКУнуи │
│ │Кеңешмени жана көргөзмөнү өткөрүү │жылдын │секретариаты, ТИМ │
│ │үчүн залдарды ижаралоону; ШКУга │15-июнуна │ │
│ │мүчө-ммлекеттердин маданият │чейин │ │
│ │министрликтери менен көргөзмө │ │ │
│ │аянттарын макулдашууну; зарыл │ │ │
│ │болгон оргтехника менен │ │ │
├──┼──────────────────────────────────┼──────────┼────────────────────┤
│3.│Кеңешменин катышуучуларына │2008- │МММ, ШКУнун │
│ │уюштуруу: │жылдын │секретариаты, ТИМ, │
│ │Чакыруу барагын жана Программаны; │10-июнуна │ИИМ, "Манас" │
│ │автотранспортту ижаралоону; │чейин │эларалык аэропорту │
│ │аэропортто жолугушууну; Чолпоната │ │ААКы (макулдашуу │
│ │шаарына жөнөтүүнү жана кайра алып │ │боюнча) │
│ │келүүнү; МАИнин коштоосун │ │ │
├──┼──────────────────────────────────┼──────────┼────────────────────┤
│4.│Көргөзмөнүн катышуучуларына │2008- │МММ, ШКУнун │
│ │уюштуруу: │жылдын │секретариаты, ТИМ, │
│ │көргөзмө залын ижаралоону, чакыруу│июну │ИИМ, "Манас" │
│ │барагын; │ │эларалык аэропорту │
│ │экспонаттарды ташуу үчүн │ │ААКы (макулдашуу │
│ │автотранспорту ижаралоону; │ │боюнча) │
│ │аэропортто жолугушууну; │ │ │
├──┼──────────────────────────────────┼──────────┼────────────────────┤
│5.│Уюштуруу: │2008- │МММ, Улуттук │
│ │аэропортто ШКУга мүчө- │жылдын │телерадиоберүү │
│ │мамлекеттердин маданият │15-июнуна │корпорациясы │
│ │министрлеринин жолугушуусунун │чейин │(макулдашуу боюнча),│
│ │репортажын; пресс-конференцияны; │ │"Кабар" улуттук │
│ │интервьюну; газеталарда │ │маалымат агенттиги, │
│ │маалыматтарды │ │ЖМК (макулдашуу │
│ │ │ │боюнча) │
├──┼──────────────────────────────────┼──────────┼────────────────────┤
│6.│Даярдоо: │2008- │МММ, "Кыял" ААК │
│ │ШКУга мүчө-мамлекеттердин жана │жылдын │(макулдашуу боюнча) │
│ │ШКУнун секретариатынын желектерин │10-июнуна │ │
│ │(чоң жана кичине өлчөмдөгү); │чейин │ │
│ │ШКУнун белгисин колдонуу менен │ │ │
│ │атайын сувенирлерди │ │ │
│ │(катышуучуларга тапшыруу үчүн). │ │ │
├──┼──────────────────────────────────┼──────────┼────────────────────┤
│7.│Камсыз кылуу: │2008- │МММ, Ысыккөл │
│ │жашоону; │жылдын │облусунун │
│ │тамактанууну; │15-июнуна │мамадминистрациясы, │
│ │медпунктун иштешин, │чейин │Чолпоната шаарынын │
│ │тамактанууларын күн сайын │ │мэриясы (макулдашуу │
│ │контролдоо, фольклордук топторду │ │боюнча), │
│ │чакыруу менен маданияттуу эс алуу,│ │Саламатсакмин │
│ │Ысыккөлдү көрсөтүү жана башкалар │ │ │
├──┼──────────────────────────────────┼──────────┼────────────────────┤
│8.│Өз убагында: │2008- │МММ, Мамбажыком, │
│ │катышуучулардын жана көргөзмөнүн │жылдын │"Манас" эларалык │
│ │экспонаттарынын тизмесин даярдоо │20-июнуна │аэропорту ААКы │
│ │жана аэропортко жиберүү; │чейин │макулдашуу боюнча) │
│ │аэропортто катышуучулардын өтүшүнө│ │ │
│ │жана жүктөрдү тариздөө үчүн │ │ │
│ │жооптуу адамдарды аныктоо │ │ │
└──┴──────────────────────────────────┴──────────┴────────────────────┘