Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 17-июну № 293-б
Соода ишмердигин өркүндөтүү, сооданын түрдүү форматтарын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү жана Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишмердигин жүргүзүүчү ишкерлерди консолидациялоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишмердигин жүргүзүүчү ички соода чөйрөдөгү ишкерлердин республикалык съездин өткөрүү жөнүндө демилгеси колдоого алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлиги 2008-жылдын 20-июнунда ички соода чөйрөдөгү ишкерлердин республикалык съездин өткөрсүн.
3. Ички соода чөйрөдөгү ишкерлердин республикалык съездин даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Жапаров А.Ү. - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Салымбеков А.М. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Базарлар, соода ишканалары жана тейлөө чөйрөсү ассоциациясынын президенти, уюштуруу комитетинин тең төрагасы (макулдашуу боюнча);
Муканбетов С.Т. - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода министринин орун басары, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Турсунбеков Ч.А. - Кыргызстан ишкерлер союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча);
Филатов А.В. - Бишкек шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча);
Алканов Ч.Р. - "Алканов и К" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
Пономарев С.В. - Базарлар, соода ишканалары жана тейлөө чөйрөсү ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
Мураталиев Б.М. - Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары;
Беков Т.Н. - Агробизнесте атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борборунун директору (макулдашуу боюнча);
Жапаракунов С.Т. - "Дордой базары" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
Усубакунова Б.С. - Ижарачылар жана ишкерлер коомунун, "Бурул кайра жаралуу" кредиттик союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча).
4. Кыргыз улуттук В.И.Ленин ордендүү А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театры аталган съездди өткөрүү орду болуп аныкталсын.
5. Ички соода чөйрөдөгү ишкерлердин республикалык съездин даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети 2008-жылдын 17-июнуна чейинки мөөнөттө:
- ички соода чөйрөдөгү ишкерлердин республикалык съездин даярдоо жана өткөрүү программасын иштеп чыксын жана бекитсин;
- съезддин катышуучуларынын контингентин аныктасын;
- съездди даярдоодо жана өткөрүүдө чыгымдарды каржылоонун булактарын аныктасын.
6. Облустук мамлекеттик администрация башчылары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери аталган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү менен байланыштуу уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүдө ички соода чөйрөдөгү ишкерлердин республикалык съездин өткөрүү жана даярдоо боюнча уюштуруу комитетине толук көмөк көрсөтүшсүн.
7. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |