Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 18-июну № 297-б
Кыргыз Республикасынын Аскердик прокуратурасынын натыйжалуу иштеши үчүн зарыл шарттарды түзүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы Бишкек шаары, Жибек-Жолу көчөсү, 356 дареги боюнча жайгашкан имаратты Кыргыз Республикасынын Аскердик прокуратурасынын балансына белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети ушул буйруктун 1 - пунктунда аталган имаратты кабыл алуу-өткөрүп берүүнү белгиленген тартипте жүргүзсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |