Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2008-жылдын 18-июну № 299-б

(КР Өкмөтүнүн

2011-жылдын 9-августундагы № 338-б буйругунун

редакциясына ылайык)

 

Контролдоочу жана фискалдык органдардын иш-аракетин оптималдаштыруу, алар тарабынан текшерүүлөрдү жана аудиттерди жүргүзүүдө макулдашкандыкты камсыз кылуу максатында:

1. (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-августундагы № 338-б буйругуна ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитети менчиктин 51 процент мамлекеттик үлүшү бар чарбакер субъекттерди текшерүүнүн ар жылдык планын Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасы менен макулдашсын.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

И.Чудинов