Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 20-июну № 304-б
Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чегараны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын топографиялык-жер жайгаштыруу топторунун кезектеги жолугушуусуна катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы 2008-жылдын 23-27-июнунда Жалалабат шаарына төмөнкүдөй курамда жиберилсин:
Аламанов С.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук проблемалар бөлүмүнүн башчысы, делегациянын жетекчиси;
Касымов Ч.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун директору;
Асаналиев Э.А. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси;
Искандаров К.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук проблемалар бөлүмүнүн эксперти;
Бүргөев Б.Б. - Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары;
Мадалиев А.М. - Баткен облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары;
Курбанов Ж.К. - Жалалабат облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары;
Жоробаев Ж.С. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин кызматкери;
Миңбаев А.А. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин биринчи секретары;
Суйөркулов З.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын директорунун орун басары;
Юсупов Б.А. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин түштүк регион боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү;
Шабданбеков Т.К. - Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын улук офицери;
Жайлообаев А.Ш. - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Суу чарба департаментинин суу пайдалануу жана Мамлекеттер аралык суу пайдалануу бөлүмүнүн начальниги;
Бөрүбаев Н.Н. - кыймылсыз мүлк жана жер ресурстары боюнча Баткен облустук зоналык борборунун директору;
Ботобаев К.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин "Кыргызгипрозем" мамлекеттик долбоорлоо институнун түштүк регион боюнча мамлекеттик чегараны делимитациялоо маселелери боюнча жетектөөчү адиси;
Мырзаев А.А. - Жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Алабука райондук башкармалыгынын начальниги;
Боронбеков З.Б. - Жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Аксы райондук башкармалыгынын начальниги;
Эргешов А. - Жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Баткен райондук башкармалыгынын начальниги;
Сиддиков Д.А. - Жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Кадамжай райондук башкармалыгынын начальниги;
Чоңмурунов А. - Жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Араван райондук башкармалыгынын начальниги;
Санников В.П. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картографиялык-геодезия кызматынын бөлүмүнүн жетектөөчү адиси.
2. Жалалабат облусунун мамлекеттик администрациясы ушул жолугушууну уюштурууга жана өткөрүүгө көмөк көрсөтсүн.
3. Делегация мүчөлөрүнүн барышына байланыштуу чыгымдар "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 12-октябрындагы № 635 токтомуна ылайык жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |