Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 20-июну № 305-б
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11-беренесине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 505 жана 506-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик өрткө каршы кызматынын Ош облусунун Кара-Суу райондук мамлекеттик өрткө каршы кызматынын № 51 кесиптик өрт өчүрүү бөлүгүнүн өздүк курамынын кызматы үчүн шарттарды жакшыртуу жана материалдык базасын чыңдоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетине Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик өрткө каршы кызматы менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик өрткө каршы кызматынын Ош облусунун Кара-Суу районундагы мамлекеттик өрткө каршы кызматынын № 51 кесиптик өрткө каршы бөлүгүнүн Ош облусу, Кара-Суу району, Киров айылы дареги боюнча жайгашкан имаратты жана жалпы аянты 3129 кв.м. болгон аймакты Ош облусу, Кара-Суу шаары, Терешкова көчөсү, № 4 дареги боюнча жайгашкан "Мусаим Ильяс ЛТД" жоопкерчилиги чектелген коомуна таандык имаратына жана жалпы аянты 3500 кв.м. болгон аймагына "Мусаим Ильяс ЛТД" жоопкерчилиги чектелген коому азыркы имаратына реконструкция жүргүзгөндөн, окуу мунарасын тургузуу менен төрт эшиги бар кошумча өрткө каршы депосунун имаратын кургандан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган нормалардын жана эрежелердин талаптарына ылайык аларды эксплуатациялоого бергенден кийин белгиленген тартипте алмаштырууга уруксат берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети алмашуу жүргүзүлгөндөн кийин мамлекеттик башкаруу органдары администрациялык имараттарды пайдалануу боюнча жыйынды реестрине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |