Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 23-июну № 306-б
Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташууну андан ары өнүктүрүү максатында, Борбордук жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн 4-жарманкесине катышуу үчүн:
1. Төмөнкү курамдагы делегация 2008-жылдын 28-июнунан 3-июлуна чейин Кашгар шаарына (Кытай Эл Республикасы) жиберилсин:
Жапаров А.Ү. - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода министри, делегациянын жетекчиси;
Баетов Б.И. - Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин статс-катчысы;
Сагынбаев Ж.К. - "Кыргызресурстары" мамлекеттик ишканасынын директору;
Перфильев Б.В. - Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти (макулдашуу боюнча);
Маматалиев М.А. - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода министринин кеңешчиси;
Эгембердиев А.Д. - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Бишкек-Нарын-Торугарт авто жол башкармалыгынын башкы инженери.
2. Делегация мүчөлөрүнүн барып-келүүлөргө байланыштуу чыгымдары "Командировкалык чыгымдардын нормаларын жана аларды кайтаруу тартибин белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 12-октябрындагы № 635 токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен (жашоо жана тамактануу - чакыруучу тараптын эсебинен) төлөнсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |