Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 27-июну № 312-б
Москва шаарында (Россия Федерациясы) 2008-жылдын 2-4-июлунда болуучу Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык кыргыз-москва биргелешкен комиссиянын алтынчы заседаниесинин ишине катышуу үчүн:
1. Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык кыргыз-москва биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгү төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Айдаралиев Искендер Рыспекович - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, комиссиянын төрагасы;
Филатов Андрей Васильевич - Бишкек шаарынын вице-мэри, комиссиянын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Люлина Светлана Ивановна - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин Тышкы экономикалык саясат башкармалыгынын региондук кызматташтык бөлүмүнүн башчысы, комиссиянын катчысы;
Арстакеев Советбек Абдылдаевич - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай бөлүмүнүн башчысы;
Асанова Гүлбарчын Пармановна - Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министринин орун басары;
Асанов Сапарбек Жекшебаевич - Кыргыз Республикасынын Жеңил өнөр жай иш-каналары ассоциациясынын директору (макулдашуу боюнча);
Аттокуров Раимкул Арзимаматович - Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси;
Бектеналиев Мукталы Абдыбекович - Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин статс-катчысы;
Боронбаев Майрамбек Мырзаканович - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин жардамчысы;
Исаев Асеин Кусеинович - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин КМШ департаментинин директору;
Касиев Геннадий Фаридович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин курулуш комплекси бөлүмүнүн начальниги;
Маматалиев Абдырахман Макадимович - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
Молдокадыров Айбек Асыранкулович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Мураталиев Баимбет Молдалиевич - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары;
Мырзабеков Эгемберди Биймырзаевич - "Кыргызстан" авиакомпаниясы" ачык акционердик коомунун президенти (макулдашуу боюнча);
Суванов Эркин Абылкасымович - "Кыргыздипсервис" мамлекеттик ишканасынын башкы директору;
Сыдыкова Гүлмира Ракыевна - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тышкы байланыштар бөлүмүнүн эксперти.
2. Делегация мүчөлөрүнүн Москва шаарына баруусуна байланыштуу чыгымдар "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 12-октябрындагы № 635 токтомуна ылайык жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |