Редакцияот 27.06.2008
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2008-жылдын 27-июну № 319-б

Алдыдагы жылытуу сезонуна отундук мазутту өз убагында даярдоо максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Чегара кызматына "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-статьясынын 2-пунктуна ылайык бир булактан алуу методу менен 600 тонна отундук мазутту "Кыргызмунайгаз" ачык акционердик коомунан сатып алууга уруксат берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул жылга чыгымдардын бекитилген сметасынын чегинде "Жылуулук энергиясы үчүн төлөм" 22 121 300-статьясы боюнча Кыргыз Республикасынын Чегара кызматын өз убагында каржыласын.

3. Кыргыз Республикасынын Чегара кызматы ушул буйруктун 1-пунктунун аткарылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө маалымат берсин.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

И.Чудинов