Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2009-жылдын 20-апрелиндеги № 171-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 27-июну № 320-б
Экономиканын агрардык секторунда кооперативдик кыймылды түзүү жана өнүктүрүү, Кыргыз Республикасынын айыл чарбасында кооперативдерди түзүү боюнча иштерди активдештирүүгө карата иш-чараларды натыйжалуу жүргүзүү максатында:
1. Төмөнкү курамда ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри, комиссиянын төрагасынын орун басары.
Комиссия мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода министри;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы Кыргыз Дыйканчылык илимий-изилдөө институтунун директору;
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы Арстанбек Дүйшеев атындагы Кыргыз Мал чарба, ветеринария жана жайыт жерлери илимий-изилдөө институтунун директору;
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Агрардык саясат жана инвестициялар башкы башкармалыгынын начальниги.
2. Ведомстволор аралык комиссия агрардык сектордо кооперативдик кыймылды өнүктүрүү боюнча иштерди активдештирүү жана айыл чарбалык өндүрүштүк, кайра иштетүүчү, сервистик жана башка кооперативдерди түзүү жөнүндө маселелерди изилдесин.
3. Ведомстволор аралык комиссия зарыл болгондо комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен жумушчу топторду түзүүгө жана белгиленген тартипте министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун адистерин тартууга укуктуу экени белгиленсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |