Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 1-июлу № 326
(КР Өкмөтүнүн
2008-жылдын 23-сентябрындагы № 481-б буйругунун
редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 3-майындагы № 216 "Кыргыз Республикасынын сотторунун ишин андан ары өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгын аткаруу үчүн, жогоруда аталган Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашырууга багытталган сунуштарды иштеп чыгуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 7-мартындагы № 82-б буйругу менен түзүлгөн ведомстволор аралык жумушчу топтун сунушун эске алып жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторун мамлекеттик имараттарда жайгаштыруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын катына, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-статьясынын сегизинчи бөлүгүнө ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Сот департаменти:
- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик менен бирдикте, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун (макулдашуу боюнча) катышуусунда 2008-жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөттө жергиликтүү соттордун имараттары үчүн ченемдерди иштеп чыгууну бүтсүн жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин;
- 2008-жылдын 1-августуна чейинки мөөнөттө жергиликтүү соттордун имараттарына алардын иштелип чыккан ченемдерге туура келүү предметине инвентаризациялоо жүргүзсүн.
2. Бишкек шаарынын мэриясы:
- Кыргыз Республикасынын Сот департаментинин катышуусу менен Бишкек шаардык сотунун имаратын куруу үчүн жер участогун бөлүү жөнүндө маселени карасын жана 2008-жылдын 25-июлуна чейинки мөөнөттө аталган маселе боюнча сунушту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин;
- Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун аппаратын жайгаштыруу үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк подразделениеси (дене тарбия, спорт жана туризм боюнча комитет) ээлеген жайларды бошотуу мүмкүнчүлүгүн изилдесин жана 2008-жылдын 1-октябрына чейин аталган маселе боюнча сунушту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.
3. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Сот департаментинин катышуусу менен Кыргыз Республикасынын жергиликтүү соттору үчүн имараттарды курууга жер участокторун бөлүү жөнүндө маселени карашсын жана 2008-жылдын 1-октябрына чейин аталган маселе боюнча тиешелүү сунушту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизишсин.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2009-жылга республикалык бюджетти түзүүдө курулушка бардык зарыл болгон долбоордук-сметалык документтерди бергенден кийин Баткен райондук сотунун имаратына кошумча курулушту каржылоо үчүн керектүү акча каражатын карасын.
5. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети 2008-жылдын 1-августуна чейин адамдарда жеке менчик формасында ижарада турган мамлекеттик менчиктеги имараттардын жана жайлардын болушу жөнүндө маалымат берсин.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрдык кызмат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 28-июнундагы № 383-т
тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 1-июлу № 326
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-сентябрындагы № 481-б буйругунун редакциясына ылайык)