Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 1-июлу № 329-б
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-мартындагы № 84-6 буйругуна ылайык баланстагы 2007-жылы чыккан, кузов № ХТА 21074082671558, кыймылдаткыч № 8975200 "ВАЗ-21074" маркасындагы автомобилди Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын Автотранспорт бирикмеси тарабынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Казыначылыгынын Токтогул региондук бөлүмүнүн балансына белгиленген тартипте өткөрүп берүүнү камсыз кылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автомобилди дежур автотранспорту катары пайдалануу үчүн Казыначылыктын Токтогул региондук бөлүмүнө белгиленген тартипте кабыл алууну жана тариздөөнү камсыз кылсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |