Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 4-июлу № 335-б
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматы тооруктарды (фондулук биржаны) уюштуруучуну, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казыналык векселдери менен эсептөөлөрдү жүргүзүү боюнча депозитарийди жана операторду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте үч айлык мөөнөттүн ичинде тандоону жүргүзүшсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул буйруктун 1-пункту аткарылгандан кийин эки айлык мөөнөттүн ичинде 3, 6, 12, 18 жана 24 ай жүгүртүү мөөнөтү менен мамлекеттик казыналык векселдери жана чыгарууга пландалган мамлекеттик башка баалуу кагаздарды ушул буйруктун 1-пунктуна ылайык тандалып алынган фондулук биржанын соода аянтына жайгаштырууга жана жүгүртүүгө которсун.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |