Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 4-июлу № 337-б
"Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик резервде чатырларды сактоо мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте:
- 51 комплект чатырды мамлекеттик резервден брондон чыгарсын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик белгилеген баа боюнча сатсын;
- чатырлардын сатылышына жараша түшкөн акча каражатын республикалык бюджетке которсун.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик брондон чыгарылган чатырларга 10 күндүк мөөнөттө бааны белгилесин.
3. Бюджеттик уюмдар 2008-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын эсебинен мамлекеттик резервден алынган чатырлар үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик менен эсептешүүлөрдү жүргүзүшсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги мамлекеттик резервди толуктоо максатында чатырларды сатып алууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна каражат бөлсүн жана "Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды даярдоо учурунда эске алсын.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |