Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 7-июлу № 342-б
«Кумтөр» долбоору боюнча эл аралык арбитраждарда жана башка соттордо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кызыкчылыктарын көрсөтүү үчүн юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу максатында, ошондой эле бул маселе боюнча «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун кайрылуусун көңүлгө алуу менен:
1. «Кыргызалтын» ачык акционердик коомуна «Кумтөр» долбоору боюнча эл аралык арбитраждарда жана башка соттордо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кызыкчылыктарын көрсөтүү үчүн юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча тендер өткөргөнгө чейин «Кумтөр» долбоору боюнча эл аралык арбитраждарда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кызыкчылыктарын көрсөтүү үчүн эл аралык юридикалык компаниялардын бирин убактылуу негизде тартууга уруксат берилсин, анын кызматтарына акы төлөө «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун каражаттарынын эсебинен жүргүзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2008-жылдын 10-июлуна чейин Гаагадагы Туруктуу бейтарап сотко төмөнкүдөй реквизиттер боюнча 50 000 (элүү миң) евро өлчөмүндө соттук чыгымдардын авансы катарында төлөмдөрдү ишке ашырсын:
Банк: ING Bank N, V, The Hague, The Netherlands
Эсеп номери:68.55.45.369
IBAN:NL 71 INGB 0685545369
БИК: INGBNL2A
Эсептин аталышы: Гаагадагы Туруктуу бейтарап сот (Permanent Court of Arbitration)
Төмөнкүгө шилтеме: РСА Иш № АА278.
3. «Кумтөр» долбоору боюнча эл аралык арбитраждарда жана башка соттордо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кызыкчылыктарын көрсөтүү үчүн юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну уюштуруу үчүн ведомстволор аралык тендердик комиссия төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын финансы министри, ведомстволор аралык тендердик комиссиянын төрагасы;
комиссия мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын юстиция министри,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
«Кырыгызалтын» ачык акционердик коомунун президенти (макулдашуу боюнча);
Кыргаз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору.
4. Тендердик комиссия:
- «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте тендердик документтерди иштеп чыгууга жана тендерди өткөрүүгө байланыштуу бардык зарыл жол-жоболорду аткарсын;
- өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине тиешелүү материалдарды киргизсин.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги өткөрүлгөн тендердин натыйжалары боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө белгиленген тартипте тиешелүү сунуш киргизсин.
6. Тендердик комиссиянын ишмердигин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо, ошондой эле тендердик комиссиянын секретариатынын иш милдеттери Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.
7. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрдык кызмат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |