Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 9-июлу № 344-б
Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги раундуна катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясы 2008-жылдын 15-19-июлунда Наманган шаарына (Өзбекстан Республикасы) тиркемеге ылайык курамда жиберилсин.
2. Делегация мүчөлөрүнүн барышына байланыштуу чыгымдар "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 12-октябрындагы № 635 токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 9-июлундагы № 344-б буйругуна тиркеме |
Аламанов С.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук проблемалар бөлүмүнүн башчысы, делегациянын жетекчиси;
Турусбеков Ч.К. - Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары;
Цурков В.Е. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын директору;
Касымов Ч.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча Кыргыз мамлекеттик долбоорлоо институтунун директору;
Асаналиев Э.А. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси;
Искандаров К.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук проблемалар бөлүмүнүн эксперти;
Бүргөев Б.Б. - Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары;
Курбанов Ж.К. - Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
Мадалиев А.М. - Баткен облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
Миңбаев А.А. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин биринчи секретары;
Түнгатаров Б. - Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Элчилигинин биринчи секретары;
Сүйөркулов З.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын директорунун орун басары;
Юсупов Б.А. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин түштүк регион боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү;
Жоробаев Ж.С. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин кызматкери;
Дисковский В.Л. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча бөлүмүнүн начальниги;
Шабданбеков Т.К.- Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын улук офицери;
Ботобаев К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча Кыргыз мамлекеттик долбоорлоо институтунун түштүк регион боюнча мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо бөлүмүнүн начальниги;
Жайлообаев А.Ш. - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы Суу чарба департаментинин суу пайдалануу жана мамлекеттер аралык суу пайдалануу бөлүмүнүн начальниги;
Боронбеков З.Б. - жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Аксы райондук башкармалыгынын начальниги;
Мырзаев А.А. - жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Ала-Бука райондук башкармалыгынын начальниги;
Чоңмурунов А. - жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Араван райондук башкармалыгынын начальниги;
Эргешов А. - жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Баткен райондук башкармалыгынын начальниги;
Сиддиков Д.А. - жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Кадамжай райондук башкармалыгынын начальниги;
Санников В.П. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын мамлекеттик чек араны демаркациялоо жана делимитациялоо боюнча бөлүмүнүн делимитациялоо маселелери боюнча жетектөөчү адиси.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр |
М.Исмаилов |