КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 11-ноябры № 585-б
1. Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы Талас шаарынын мэриясына шаардык бюджеттин киреше бөлүгүн ашыра аткаргандыгынын эсебинен бир кызматтык жеңил автомашинаны белгиленген тартипте сатып алууга уруксат берилсин.
2. Кызматтык автомашина сатып алуу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана "Кыргыз Республикасында кызматтык автотранспортту пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 618 токтомунун талаптарына ылайык жүргүзүлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|