Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2009-жылдын 20-апрелиндеги № 171-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 13-ноябры № 589-б
Кытай Эл Республикасынан алынып келген ундун сапатын аныктоо максатында:
1. Төмөндөгү курамда Өкмөттүк комиссия түзүлсүн:
Айдаралиев И.Р. - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, комиссиянын төрагасы;
Жапаров А.Ү. - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри;
Мамбетов М.А. - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;
Акматов Н.О. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасы;
Сатыбалдиев Э.Р. - Кыргыз Республикасынын башкы прокурору (макулдашуу боюнча);
Рыскулбеков А.М. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттигинин директору (макулдашуу боюнча);
Кыдыров Т.Т. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы;
Калмурзаев С.П. - Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Ногойбаев А.Б. - "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары.
2. Өкмөттүк комиссиянын алдында төмөнкүдей курамдагы жумушчу топ түзүлсүн:
Исаков Т.Б. - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин директору, жумушчу топтун жетекчиси;
Шайдинов Э.Т. - "Кыргыз агроазык-түлүк корпорациясы" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары;
Асанов К.А. - "Кыргызресурстары" мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун биринчи орун басары;
Жусупов Ү.Т. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун белүмүнүн начальниги;
Дербишалиев Ж.С. - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантини департаментинин өсүмдүктердү коргоо башкармалыгынын начальниги;
Омкеев Ж.Ш. - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Данды экспертизалоо борборунун директору;
Кожабеков М.Н. - "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын жүк ташуулар жана коммерциялык иштер башкармалыгынын начальниги.
3. Өкмөттүк комиссия жүргүзүлгөн иштин негизинде бир жумалык мөөнөттө тийиштүү кызмат адамдарынын кызматтык жоопкерчилиги боюнча сунуш киргизсин.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|