Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 17-ноябры № 592-б
Кыргыз достук коомдору жана чет өлкөлөр менен кызматташуу союзунун 50 жылдыгына арналган иш-чараны даярдоо жана өткөрүү максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда уюштуруу комитети түзүлсүн:
Ибраимова Э.С. - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Карабаев Э.Ө. - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
Раев С. А. - Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Айтматов И.Т. - "Кыргызстан-Австрия" достук коомунун президенти (макулдашуу боюнча);
Бостонов А.Б. - Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусунун биринчи орун басары (макулдашуу боюнча);
Койчуев Т.К. - "Кыргызстан-Кытай" достук коомунун президенти (макулдашуу боюнча);
Малиев А.К. - Кыргыз достук коомдору жана чет өлкөлөр менен кызматташуу союзунун президенти (макулдашуу боюнча);
Молдокасымов К.С. - "Кыргыз Туусу" басма үйүнүн директору – башкы редактор (макулдашуу боюнча);
Рахманов Т.Р. - "Кыргызстан элдеринин ассамблеясы" коомдук бирикмелер ассоциациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Слащева Т.М. - "Слово Кыргызстана" басма үйүнүн директору - башкы редактор (макулдашуу боюнча);
Султанов О.С. - Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча);
Темирбеков М.А. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Эшимканов М.А. - Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадио корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча).
2. Уюштуруу комитети Кыргыз достук коомдору жана чет өлкөлөр менен кызматташуу союзунун 50 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чаралар планын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Юбилейлик иш-чараны өткөрүү менен байланышкан чыгымдар демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен жүргүзүлсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |
|