Редакцияот 17.11.2008
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2008-жылдын 17-ноябры № 593-б

Баткен облусунун Лейлек районунун түзүлгөн күнүнүн 80 жылдыгына байланыштуу Лейлек райондук тарыхый-жерге таануу музейинин экспозицияларын ачуу үчүн:

1. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрилиги «Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган каражаттан белгиленген тартипте Баткен облусунун Лейлек райондук тарыхый-жерге таануу музейине экспозицияларды илимий жана көркөм жасалгалоо үчүн материалдарды сатып алуу үчүн 600 000 (алты жүз миң) сом бөлсүн.

2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

            Премьер-министр

 

 И.Чудинов