Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 17-октябры № 594-б
1. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрилигине Кедейчиликти кыскартуунун борбордоштурулган фонду боюнча комиссиянын заседаниесинин 2008-жылдын 27-июнундагы чечимине ылайык Талас облостук музыкалык-драма театрынын имаратына капиталдык ремонт жүргүзүүгө бөлүнгөн 3 млн. (үч миллион) сом суммасындагы каражаттарды Талас облусунун мамлекеттик администрациясынын «Капитальдык курулуш башкармалыгы» мамлекеттик ишканасы аркылуу Талас облустук музыкалык-драма театрынын жаңы имаратынын курулушун улантуу үчүн пайдаланууга уруксат берилсин.
2. Буй буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |
|
|