Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 21-ноябры № 599-б
Москва шаарында (Россия Федерациясы) 2008-жылдын 24, 25 жана 26-ноябрында болуучу ЕврАзЭСтин алдындагы Туруктуу өкүлдөр комиссиясынын 57-заседаниесине жана Евразиялык экономикалык шериктештиктин Интеграциялык комитетинин 42-заседаниесине катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясы төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Узакбаев Эмилбек* - Кыргыз Республикасынын Президентинин КМШ жана ЕврАзЭС алкагында интеграциялык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, делегациянын жетекчиси (макулдашуу боюнча);
Аттакуров Раимкул Арзимаматович - Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясын дагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси;
Усупов Үсөн - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Макаевич** ЕврАзЭС маселелери боюнча кеңешчиси;
Рец Татьяна Борисовна ** - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин тышкы-экономикалык саясат башкармалыгынын начальниги;
Ибраимова Чинара Искендеровна ** - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин интеграциялык бирикмелер жана тышкы байланыштар башкармалыгынын начальниги;
Кочконов Казыбек Маматкасымович ** - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин КМШ департаментинин биринчи секретары;
Кенжекулова Замира Самидиновна - Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин атташеси.
2. Делегация мүчөлөрүнүн көрсөтүлгөн заседаниелерге катышуусуна байланыштуу чыгымдар "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
* - командировка мөөнөтү 2008-жылдын 25-27-ноябры;
** - командировка мөөнөтү 2008-жылдын 23-27-ноябры.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|