КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 21-ноябры № 609-б
Нарын облусунун юстиция башкармалыгынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында:
1. Нарын облусунун юстиция башкармалыгына атайын каражаттардын эсебинен кызматтык максаттарга пайдалануу үчүн бир жеңил автомашина сатып алууга уруксат берилсин.
2. Автомашина сатып алуу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, укук коргоо органдарында жана жергиликтүү сотторунда кызматтык жеңил. атайын жана дежур автомашиналарды пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 14-декабрындагы № 591 КПҮ токтомунун талаптарына ылайык жүргүзүлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|