Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 24-ноябры № 613-б
Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы Кадамжай районунун "Кадамжай-Хайдаркан 1.2" 35 кВ жогорку вольттуу (ВЛ) линиясынын Ош-Исфана автожолунун 132 километринде Охна суусу аркылуу көпүрө курууда сакталышын камсыз кылуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Охна суусу аркылуу көпүрө куруу жана "Ош электр" ачык акционердик коомунун электр берүү линияларын (ЛЭП) которуу жана 35 кВ жогорку вольттуу (ВЛ) линиясынын таянычын алып чыгаруу менен байланышкан чыгымдарын төлөө үчүн Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине 33000000 (отуз үч миллион) сомду республикалык бюджеттен бөлсүн;
- "Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган каражаттарды багыты боюнча түздөн-түз пайдалансын.
3. "Ош электр" ачык акционердик коомуна электр берүү линияларын (ЛЭП) которуу жана 35 кВ жогорку вольттуу (ВЛ) линиясынын таянычын алып чыгаруу боюнча иштерди белгиленген тартипте жүргүзүү сунушталсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|