Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 2-декабры № 628-б
Кыргыз Республикасынын эл артисти, төкмө акын Тууганбай Абдиевдин сөөгүн коюуну уюштуруу үчүн:
1. Төмөнкүдөй курамда уюштуруу комитети түзүлсүн:
Ибраимова Э.С. - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Бектеналиев М.А. - Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин статс-катчысы, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Артыкбаев О.М. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Болжурова И.С. - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
Калыев Б.Т. - Кыргыз Республикасынын коргоо министри;
Сулайманов Н.Ч. - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;
Алымкожоев А.Т. - Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын командачысы;
Түлеев Н.Т. - Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Табылдиев Т.Т. - Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин статс-катчысы;
Эшимканов М.А. - Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадио корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
Осмонов Б.С. - А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет академиялык театрынын башкы директору;
Турапов К.Ы. - Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын башкы директору;
Борбиев Б. - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармалыгынын начальниги;
Садык Шер-Нияз - "Айтыш" фондунун президенти (макулдашуу боюнча);
Молдомуров Т. - Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Чотоев Т.К. - Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун администрациясынын башчысы - аким;
Үсөнбаев 3. - Кыргыз Республикасынын эл артисти (макулдашуу боюнча);
Садиев К. - "Кетмен-Төбө" коомдук фондунун президенти (макулдашуу боюнча);
Нургазиев М. - эмгек ардагери (макулдашуу боюнча).
2. Төмөнкүлөр аныкталсын:
- маркум менен коштошуу ырасымын өткөрүүчү күн - А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет академиялык театрында 2008-жылдын 3-декабрында саат 10.00дө;
- сөөк коюлуучу жер - Бишкек шаарынын Ала-Арча көрүстөнү.
3. Т.Абдиевдин үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан 100000 (жүз миң) сом бөлүнсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 2-декабры № 628-б
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесинин редакциясына ылайык күчүн жоготту)
Кыргыз Республикасынын эл артисти, төкмө акын Тууганбай Абдиевдин сөөгүн коюуну уюштуруу үчүн:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык күчүн жоготту)
2. Төмөнкүлөр аныкталсын:
- маркум менен коштошуу ырасымын өткөрүүчү күн - А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет академиялык театрында 2008-жылдын 3-декабрында саат 10.00дө;
- сөөк коюлуучу жер - Бишкек шаарынын Ала-Арча көрүстөнү.
3. Т.Абдиевдин үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан 100000 (жүз миң) сом бөлүнсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|