Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 11-декабры № 639-б
Республиканын эмгекчилери үчүн ден соолук чыңдоо иш-чараларын өткөрүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргызстан профсоюздар Федерациясына ден соолук чыңдоо иш-чараларын өткөрүү үчүн 2008-жылдын аягына чейин республикалык бюджеттен кошумча 10,0 млн. сом суммасында бөлсүн;
- "Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү кароочу мыйзам долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.
2. Кыргызстан профсоюздар Федерациясына төмөнкүлөр сунушталсын:
- ушул буйруктун 1-пунктунда каралган каражаттардын чектеринде профсоюздук ден соолук чыңдоочу жайларга эмгекчилерди санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолор менен камсыздоо;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине бюджеттик каражаттарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөрдө пайдалануу жөнүндө отчет берүү.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|