КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 18-декабры № 659-б
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысы А.Ж.Салянова, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Т.Т.Кыдыров жаран М.М.Иванованын Бирге алганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну түзүүчү Америка Кошмо Штаттарынын Элчилигинин 2001-жылдын 4-декабрындагы № 542 нотасына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2001-жылдын 4-декабрындагы № 011-22/1623 жооп нотасынын 4, 9, 11-абзацтарын конституцияга ылайык эмес жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 2-статьясынын 1-пунктуна, 7-статьясына, 12-статьясынын 1 жана 2-пункттарына, 13-статьясынын 1-пунктуна, 14-статьясынын 1 жана 2-пункттарына, 18-статьясынын 1-пунктуна, 21-статьясынын 4-пунктуна каршы келет деп табуу жөнүндө суранычы боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун заседаниелеринде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысы Салянова Аида Жеңишбековнага, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Кыдыров Таалайбек Тургумбаевичке ишеним кат берилсин.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|