Редакцияот 23.12.2008
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2008-жылдын 23-декабры № 675-б

1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Кант шаарынын шаар башкармалыгына жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн ашыра аткаруудан түшкөн каражаттын эсебинен бир жеңил автомашина сатып алууга белгиленген тартипте уруксат берилсин.

2. Кызматтык автомашина сатып алуу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана "Кыргыз Республикасында кызматтык автотранспортту пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 618 токтомунун талаптарына ылайык жүргүзүлсүн.

 

            Премьер-министр

 

 И.Чудинов